01.10.2019 11:48

Human Rights Watch «Азаттыктын» кабарчылары кабылган окуянын иликтенишине көз салууда

Human Rights Watch «Азаттыктын» кабарчылары кабылган окуянын иликтенишине көз салууда

Human Rights Watch эл аралык уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго байланыштуу жагдайга көз салууда. Уюмдун изилдөөчүсү Лора Миллс окуя терең иликтенерине жана журналистке кол салгандардын ким экени аныкталарына ишеним артарын «Азаттыкка» берген комментарийинде айтты:

«Журналисттерге каршы кандай гана кол салуу болбосун, биз аны айыптайбыз. Журналисттер өз ишин эч кандай тоскоолдуктарсыз аткарууга тийиш. Айрыкча, зомбулук, опузалоо болбошу керек. Мамлекетте журналисттин коопсуздугу маанилүү. Себеби, сөз эркиндиги - демократиялык коомдун негизги пайдубалы».

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдар «Азаттыктын» операторуна кол салып, 1,5 млн сомдук жабдууларын тартып алышкан.  Журналисттин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Жабдууларды тартып алган тарап да милицияга арыз менен кайрылган.  Алар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кишилери деген сөздөр айтылууда.